Стихотворения Сагын Акматбековой  (на кыргызском языке).

Стихотворения Сагын Акматбековой (на кыргызском языке).

***
Коюлбасын эч эстелик, эч белги.
Билген билер, билбеске не кереги.
Таңы нурга, жылдызга жык кечтери,
Болсун боору бир калкайган дөбөнүн.

Сан түс берип, билген ойнун ойносун,
Жаз менен күз, кыш менен жай убактар.
Каптабаган караган-чер болбосун,
Калың бассын өзүм сүйгөн шыбак да.

Каалашынча эзсин жамгыр турпагын,
Кар астынан гүл башбаксын дирилдей.
Көргөн кезде урпагымдын урпагы,
Көр экени калсын такыр билинбей.
18.08.94

Экөө
Таштын үстүндө олтурган адамга таштын түбүндө жаткан жылан кайрылды:
– Эмне кылып олтурасың, адам?
– Эс алып олтурам, а өзүңчү?
– Күнөстөп жатам. Кайдан келатасың?
– Көрүнгөн тоонун боорунан.
– Көрүнгөн тоонун боорунда эмне бар экен?
– Өскөн үй. Көгүлтүр туман жана жаңы чыккан байчечекей.
– Ошол элеби?
– Кете элек кар жана көзү ачыла элек булак.
– Көрүнгөн тоо сага эмне берди?
– Өмүрдү жана өрөөнгө түшкөн жолду.
– А сен эмне калтырдың?
– Артымда калган жолду.
– Жолдон эмнелерди көрдүң?
– Агын суу менен жайкалган эгинди.
– Дагы?
– Чыккан күн менен бадачыны.
– Жолдон эмнеңи жоготтуң?
– Жаш кезимди жана сүйүүнү.
– Жол сага эмне берди?
– Өкүнүч менен тажрыйбаны.
– Дагы?
– Ишеним менен үмүттү.
– Көрүнгөн тоонун башына чыгып көрдүң беле?
– Көргөм.
– Эмне бар экен?
– Арылдаган шамал жана аңгыраган асман.
– Тоонун башында туруп эмнени көрдүң?
– Ушул өрөөндү.
– Эми кайда баратасың?
– Ушул өрөөндүн этегине. Батып бараткан күнгө жана бадасын айдап келаткан бадачыга. А сенчи?
– Мен ийниме кирем.
– Ийниң караңгыдыр?
– Албетте, бирок караңгысы – түндөй эле.
– Түн таптакыр караңгы эмес. Жылдызы менен Айы бар.
– Мен да ошону айтып жатам. Ийнимдин оозунан аз да болсо шоола өтүп турат. Ошого каниет кылам. А сен бактылуусуңбу?
– Ушул учурда бактылуумун.
– Эмне үчүн?
– Анткени, жолдо баратам.
– Жүрөгүңдө эмне бар, жолоочу?
– Тазаруу жана күтүү.
– Кантип тазардың?
– Алдамчы кыял менен сатып кеткен досумду кечирип – тазардым.
– Эмнени күтөсүң?
– Жакшылыкты.
– Анда жакшы бар, адам. Жолуң шыдыр болсун. Күн жылымы азайды, мен да ийниме кирейин.
Жылан ташты айланып чөптүн арасына сойлоп кетти. Адам да ордунан турду.

1986-жыл