…Жолондун бул ааламдан өткөнүнө 7 же 8 жылга аяк басып калгандан кийин деле, кийимдерин күнгө жайып жаткам. Күнүгө кийчү боз пиджагынын төш чөнтөгүн оодарып кагайын десем, тамекисинин күкүмү али деле жүрөт, күнү бүгүнкүдөй.
Костюмуң колума алып,
Жаяйын күнгө дедим.
Мурдума “бур” дейт жыты,
Чөнтөктө тамекиңдин.
Канча жыл, канча мезгил
Өтсө да алигиче,
Аттиң ай, кайран жаның,
Болбоду тамекиче